Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы 13 миңден ашык көчөт отургузууда
Жаратылыш министрлиги
3 апрель

Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы 13 миңден ашык көчөт отургузууда

Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркынын Бабахан участогунда 6,4 гектар аянтка питомник уюштурулуп, көчөт отургузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жаратылыш министрлигинен кабарлашкандай, аталган иш-чаранын алкагында:

  • ак кайың — 10 000 даана
  • колоновиддүү туя — 2 000 даана
  • көк карагай — 1 000 даана

Жалпы 13 миңден ашык көчөт отургузулуп, аймактын экосистемасын сактоо жана токой ресурстарын көбөйтүү максаты көздөлүүдө.

Бул иштер жаратылыш паркынын биоартүркүндүүлүгүн сактоого жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.