Ош: Метеостанция имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
8 декабрь

Ош: Метеостанция имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусундагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет мекемесине караштуу кызматтык имарат станциялары текшерилди.

Текшерүү:

• Алай районунун Гүлчө айылындагы “Гүлчө” метеоригиялык кызматтык-турак имаратына
• Сары-Таш айылында жайгашкан 2-разряддагы “Сары-Таш” метеоролгиялык станциясына жүргүзүлдү.

Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, имараттын учурдагы абалы жана жер титирөөгө туруктуулугун изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, имараттын конструкцияларына инженердик жактан талдоо жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.