
Ошто жаңы, заманбап жылуулук ишканасын куруу долбоору талкууланды
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов күн мурун, 17-январда Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарындагы “Хунань Цзюнсин” компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде таштандыларды күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды.
Аталган долбоор ишке ашырылса, кышкы мезгилде Ош шаарынын тургундарын ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөрү белгиленди.
Айта кетсек, долбоордун алкагында курула турган ишкана болжолдуу күнүнө кубаттуулугу 2000 тонна таштанды жана көмүрдү иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алат.
“Хунань Цзюнсин” компаниясынын өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу максатында бүгүн, Ош шаарындагы ТЭЦ жана “Ош-Тазалык” муниципалдык таштанды полигонун көрүп чыгышты.
Жолугушуунун соңунда долбоорду даярдоо жана инвестициялык кызматташтык келишимди, жумушчу топту түзүү боюнча макулдашылды.