Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд: 300 метр тор алынды
12 январь

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд: 300 метр тор алынды

2026-жылдын 11-январында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин жарлыгын аткаруу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрдү.

Ведомстводон кабарлашкандай, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 300 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор аныкталып, алынды.

Браконьерликке каршы иш-чаралар мындан ары да системалуу түрдө улантылат.