Ысык-Көл облусунда «Климат-Тоолор-Жаштар» лагеринин ачылышы өттү
КР Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылында «Климат-Тоолор-Жаштар» лагеринин ачылышына катышты.
22-августтан 28-августка чейин гидрометеорологиялык станциянын аймагында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясы, Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту жана «Жердин балдары» жаштар коомдук уюму менен өнөктөштүктө уюштурулган Жаштардын жайкы лагери өтүүдө. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында уюштурулган.
Иш-чаранын программасы төрт багытты камтып: лидерлик сапаттарды жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, тоолуу аймактардагы климаттын өзгөрүшүн изилдөө, талаа изилдөө көндүмдөрүн өздөштүрүү, альпинизм жана тоолордо коопсуз жүрүм-турум боюнча негизги билимдерди алуу болуп саналат.
Тренингдердин максаты Кара-Баткак мөңгүсүнүн мисалында студенттердин жана экология боюнча жаш активисттердин мөңгүлөрдүн эриши, жайыттардын деградациясы, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин изилдөө жана жаштарда экологиялык жоопкерчиликтүү ой жүгүртүүсүн калыптандыруу болуп саналат.
Динара Кемеловна өз сөзүндө 2023–2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, тоолуу райондордун жашоочулары туш болгон климаттын өзгөрүшүнө, табигый катаклизмдерге жана татаал географиялык шарттарга байланыштуу көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле Кыргызстандын Тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча артыкчылыктары, анын ичинде глобалдык деңгээлдеги Кыргызстандын демилгелери жөнүндө айтып берди.
