Ысык-Көл облусундагы экологиялык мыйзам бузуулар
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагында жайгашкан Светлая-Поляна айылынын жанындагы каръерге планга ылайык текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жер кыртышын бузуу фактысы аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 378 978,8 сомду түзгөнү белгилүү болду.
Бул боюнча түзүлгөн иш кагаздары тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) өткөрүлүп берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жер кыртышын бузуу жана башка экологияга зыян келтирген фактыларга каршы мыйзам чегинде чара көрүүдө. Бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана жаратылышты сактоо боюнча иштер да улантылат.
