Бишкекте климаттын өзгөрүү шарттарында ирригациялык системаларды суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча иш чара өтүүдө
17 июнь

Бишкекте климаттын өзгөрүү шарттарында ирригациялык системаларды суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча иш чара өтүүдө

17-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) 80 жылдык мааракесине карата жана Чөлдөштүрүүгө жана кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналган "Климаттын өзгөрүшүнүн шартында Кыргызстандын тоолуу аймактарынын ирригациялык системаларын суу менен камсыздоону жогорулатуу боюнча техникалык чечимдери" темасында тегерек стол болуп өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматы, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), жана “Жашыл Альянс Кыргызстан” тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, илимий-изилдөө институттары, суу пайдалануучулар ассоциациялары, техникалык эксперттер жана дыйкандар катышууда.

Катышуучулар климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба секторунда туруктуу суу ресурстарын башкаруу, климатка туруктуу заманбап технологияларды киргизүү, ирригациялык системалардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана терс кесепеттерди азайтуу маселелерин талкуулашты.

Талкууланган негизги маселелер:

  • Вегетация мезгилинде суунун жетишсиздиги жана ресурстарды бөлүштүрүүдө координацияланган ыкмага муктаждык;
  • Тамчылатып сугаруу, санариптик мониторинг жана алыстан башкаруучу сенсорлорду киргизүү;
  • Жасалма мөңгүлөрдү жана жергиликтүү суу сактагычтарды түзүү демилгелери;
  • Дыйкандарды жана суу чарба адистерин окутуу;
  • Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде суу ресурстарын башкаруунун заманбап моделдерин интеграциялоо.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Анаркулов иш-чарада сөз сүйлөп, биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«Климаттын тездик менен өзгөрүп жаткан шартында, суу ресурстарына болгон жүктүн өсүшү жана жер деградациясы шартында, биздин жалпы максат – реалдуу жана техникалык негизделген чечимдерди табуу. Биз сөздөн ишке өтүшүбүз керек, инновацияларды киргизип, адистерди окутуп, эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөбүздүн суу коопсуздугун чыңдашыбыз зарыл. Мындай ыкчам аракеттер менен гана биз айыл чарбасын – азык-түлүк коопсуздугунун жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары сактап кала алабыз».

Тегерек столдун жыйынтыгында мамлекеттик суу саясатынын алкагында келечектеги кадамдар үчүн сунуштар иштелип чыгат, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү маселелери да камтылат.