Бишкекте автоунаалардын катализаторлорун текшерүү боюнча рейд өттү
Бишкек шаарынын Кудайберген автоунаа базарында катализаторлорду текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери жана Салык кызматы, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлорунун өкүлдөрү катышты.
Рейддин жүрүшүндө 10 автоунаа текшерилип, айдоочуларга атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, мурда колдонулган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргызстандан чыгарууга тыюу салуу тууралуу маалымат берилди.
Мындай иш-чаралар абанын булганышын азайтуу жана экологиялык нормалардын сакталуусун камсыз кылуу үчүн маанилүү.
