Ысык-Көлдө 2025-жылдын аягына чейин жейрандардын саны 60 башка жетиши мүмкүн
22 июль

Ысык-Көлдө 2025-жылдын аягына чейин жейрандардын саны 60 башка жетиши мүмкүн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Ысык-Көл облусунун Тон районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, министрдин сапары жейран — сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын түрүн калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында болгон. 

Июлдун аягына чейин жапайы жаратылышка «Жейран-Ордо» борборунда адаптациядан өткөн 25 жейран жиберилет. Бардык жейрандар GPS-ошейниктери менен жабдылган. Бул алардын жүрүш-турушун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон коркунучтарга, анын ичинде браконьерлик аракеттерге ыкчам жооп берүүгө шарт түзөт.

Министр өз сөзүндө жейрандардын популяциясын калыбына келтирүү — бул маанилүү экологиялык милдет гана эмес, ошондой эле өлкөнүн табигый мурасын сактап калууга кошкон чоң салым экенин белгиледи. Ошондой эле ал комплекстүү мамилени — коргоо чараларын, жергиликтүү калк менен иш алып барууну жана мекемелер аралык тыгыз кызматташууну камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө министр жейрандардын кармоо шарттары, аларды жаратылышка коё бериле турган аймак жана корголуучу жаратылыш аймагын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Браконьерликтин алдын алуу, жергиликтүү тургундар арасында экологиялык агартуу иштери жана аймакты жыл бою күзөт менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекеттик колдоо жана эл аралык кызматташтыктын аркасында жейрандарды алардын тарыхый ареалдарына кайтаруу долбоору Кыргыз Республикасындагы эң ийгиликтүү экологиялык демилгелердин бири болуп калды. Болжолдор боюнча, 2025-жылдын аягына чейин жейрандардын саны 60 башка жетиши мүмкүн, ал эми келечекте туруктуу өсүш уланмакчы.