Москва районунун  бир катар айылындагы таза суу түтүктөрү жаңыртылат
3 ноябрь

Москва районунун  бир катар айылындагы таза суу түтүктөрү жаңыртылат

Чүй облусунун Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Петровка, Кызыл-Туу, Предтеченка жана Аң-Арык айылдарынын ичүүчү таза суу системаларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу толук алмаштыруу жана жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Жалпысынан аталган калктуу пунктта 14 521 тургун жашап, суу түтүктөрүнүн болжолдуу узундугу 105 400 метрди түзөт. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн.

Ичүүчү таза суу системасын толук которууга Төрт-Гүл айыл аймагынын Петровка, Кызыл-Туу, Предтеченка жана Ан-Арык айылдары 2025-жылдан баштап жана кийинки жылдарда этап-этабы менен республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренесинин каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн айылдардын тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата Министрликке III Элдик Курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылган, 360 иш-чара (88%) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация (60%) жана таза суу маселелерине (23%) тиешелүү. Стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.