Унаалардан чыккан зыяндуу заттар. Былтыр Кыргызстанда 3,7 млн сомдон айып салынган
2025-жылы Кыргызстанда унаа каражаттары тарабынан чыгарылган зыяндуу заттардын ченемден ашуусу үчүн 3,7 млн сомдон ашык айып пулга 202 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чарбалык субъекттерди текшерүүнүн жыйынтыгында 9,87 млн сом өлчөмүндө 450 протокол түзүлүп, ошондой эле 3 795 субъектке экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертмелер жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, министрлик тарабынан мамлекеттик экологиялык көзөмөл багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын 10-декабрындагы № 382 буйруктун негизинде республика боюнча атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүүдө.
