Мэрдин демилгеси менен Балыкчыда чоң ишембилик өтүп жатат
Ысык-Көл облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасына ылайык, Балыкчы шаарында тазалоо иштери уюштурулду.
Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев бул тапшырманын алкагында, бүгүн, 6-сентябрда, чоң ишембилик өткөрүү чечимин кабыл алды.
Шаардын жашоочулары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери тазалоо иштерине активдүү катышып жатышат.
Иш-чаранын алкагында бир нече аймактар тазаланууда, анын ичинде:
“Алия”, “Толкун” жана “Кызыл-Таш” пляждары
Судремонтзаводдун күн чыгыш жана күн батыш бөлүктөрү
Ишембиликке шаардын бардык кызматтары, мамлекеттик мекемелер, аскер бөлүктөрү, жаштар уюмдары жана жеке ишкерлер катышууда. Ар бир аймакка жооптуу адистер дайындалып, алар тазалоо иштерин көзөмөлдөшүүдө.
Бул иш-чара шаардын тазалыгын сактоо жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.
