Балык уулоого айрым эрежелер өзгөртүлүп, ишке киризилди
3 апрель

Балык уулоого айрым эрежелер өзгөртүлүп, ишке киризилди

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна ылайык, “Өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого уруксат берилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги жана эрежелери” бекитилди.

Аталган эрежеге ылайык:

• Балыктын чектелген   жана чектелбеген (лимитированный и не лимитированный) баалуу түрлөрүн уулоого балык уулоо карточкалары жана балык уулоо белеттеринин  колдонуу мөөнөтү 1, 2 же 3 күндү түзөт; 
• Тиешелүү күбөлүгү бар төмөнкү жарандарга акысыз балык уулоого уруксат: 

 I, II жана III топтогу майыптарга; 
 Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан; 
 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө чоң адамдын коштоосунда. 

Аталган жарандар үчүн суткалык балык кармоонун чеги 2,5 килограммдан ашпаган өлчөмдө белгиленет.