КР ӨКМ
16 октябрь
Кыргызстан менен Швейцария табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында кызматташат
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 15-октябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Миссерлини менен Ысык-Көл районунун Темир айылына барып, "Арчалуу" сел өтүүчү каналынын курулушунан кабар алышты.
ӨК министри Канатбек Чыныбаев Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы тыгыз кызматташтык өзгөчө динамикага ээ экенин баса белгилеп, анын ичинде табигый кырсыктардын алдын алуу багытында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ага ылайык табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында швейцариялык компаниялардын инновациялык чечимдерин жана технологияларын киргизүү маселелери талкууланды.
