Талас облусунда мыйзамсыз балык уулагандар аныкталды
14 ноябрь

Талас облусунда мыйзамсыз балык уулагандар аныкталды

Талас облусунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда тиешелүү кызматтар тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Үрмарал өзөнүндө рейддик иш-чара жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада эки жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык экөөнө эки укук бузуу протоколу түзүлдү.

Тиешелүү тартипте:

• 20 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды;

• Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 10 100 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы балык ресурстарын коргоо — биотүрдүүлүктү сактоонун маанилүү бөлүгү экенин эскертет жана жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.