Кыргызстанда канча аты жок канча чокуга аталыш берилгени айтылды
21 февраль

Кыргызстанда канча аты жок канча чокуга аталыш берилгени айтылды

Кыргызстанда 158 чоку бар болсо, анын 59у гана аталыш алган, деп билдирди Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары. 

Мекеме акыркы эки жылда тоо чокуларына кандай географиялык аталыштар берилгенин жарыялады. 

Ошентип, 2023-жылы Ак-Шырак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталындагы Жети-Огуз районунун Борду дарыясынын бассейниндеги №354 мөңгү

«Шейх Зайед бин Султан Аль Нахайян» деп аталды.

Дагы бир №331 мөңгү (Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейниндеги) «Падыша Абдул-Азиз» деген аталыш алды. 

Өткөн жылы «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген географиялык аталыш Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүндө жайгашкан, бийиктиги 5576 метрди түзгөн аты аталбаган тоо чокусуна ыйгарылган. 

Учурда Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбай айыл аймагына караштуу Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабындагы 4457 метр бийиктиктеги аты жок эң бийик чокуга «Бакай-Ата» деп ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.