Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди күчөтүүдө
4 июль

Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди күчөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү.

Мындан тышкары, мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар жер аянты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайтарылды.

Ошондой эле 400 гектардан ашык мөңгүнүн сакталышы камсыздалып, мөңгүлөр жайгашкан жер тилкелерин жер казынасын пайдалануу максатында мыйзамсыз берүүгө бөгөт коюлду. Бул багыттагы иштер ырааттуу улантылууда.

Экологиялык мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен прокуратура органдарынын түзүмүндө Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары түзүлүп, өз ишин баштады.

Бүгүнкү күндө экологиялык прокуратуралар жер казынасын пайдалануу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо, суу объектилерин коргоо жана экологиялык жактан маанилүү башка тармактар боюнча мыйзамдардын аткарылышына натыйжалуу көзөмөл жүргүзүп келишет.

Жарандар экологиялык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу маселелер боюнча төмөндөгү Бишкек жана Ош экологиялык прокуратураларына кайрылып, өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой алышат.

Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да ырааттуу улантат.