Бишкек шаарынын Васильевский трактысында курулуш таштандыларынын мыйзамсыз жайгаштырылган фактысы аныкталды
7 август

Бишкек шаарынын Васильевский трактысында курулуш таштандыларынын мыйзамсыз жайгаштырылган фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына жаран тарабынан Васильевский трактынын боюнда, «Манас» аэропорту багытына кеткен жолдо курулуш таштандыларынын мыйзамсыз төгүлгөнү тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылуунун негизинде Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери жеринде текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш таштандылары атайын белгиленбеген жерге жайгаштырылганы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Манас Моторс» компаниясына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча административдик протокол түзүлдү.

Компаниянын жетекчилиги ошол эле күнү аныкталган мыйзам бузуу жоюлуп, таштандылар толугу менен тазаланарын убада кылды.


Муниципалдык инспекция шаар аймагында курулуш жана тиричилик таштандыларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.