Бүгүн "Ала-Арча” жаратылыш паркына кирүү акысыз болуп уюштурулду
Бүгүн, 1-май – Эмгекчилердин майрамына карата “Ала-Арча” жаратылыш паркына кирүү акысыз болуп уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасы Каныбей Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, эми “Ала-Арчада” кирүү толугу менен QR-код жана банктык карта аркылуу жүргүзүлөт. Накталай акча кабыл алынбайт.
"Мейманканаларда акылдуу кулпулар коюлган. Кирип-чыккан коноктор автоматтык катталат, канча киши келди-кетти — так эсептелет. Мурдагыдай жетекчилер же кызматкерлер тааныштарын “бекер жаткыруучу” учур артта калды", - деди ал.
Ал Ала-Арча” — санариптешкен, экологиялык талаптарга жооп берген, эл үчүн ыңгайлуу жаңы коомдук мейкиндикке айланып бараткандыгын кошумчалалы.
"Бул — башталышы гана. Биз бул жолду улантабыз", - деп баса белгиледи ал.
Туманбаев быйыл убада кылган асма жол (Канатная дорога) бүткөрүлө тургандыгын кыйытты.
"Учурда 3 кабаттуу экомейманкана бассейни менен салынып жатат. Мындан тышкары, тоонун боорунда 20дан ашык A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулууда. Ал жакка келечекте асма жол менен да барууга мүмкүн болот. Кудай буюрса, бул жай жаратылыш менен айкалышкан, өзгөчө көрк берген уникалдуу аймакка айланат", - деп кошумчалады ал.
