Кыргыз Республикасынын чек арасында дарбыз менен коондун фитосанитардык көзөмөлү күчөтүлдү
Калктын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу жана химиялык заттардын жол берилгис деңгээлдерин камтыган продукцияларды алып келүүнү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араларына бакча өсүмдүктөрүн, атап айтканда дарбыздарды жана коондорду алып кирүүгө фитосанитардык контроль күчөтүлдү.
Бул чара коңшу мамлекеттерден бакча өсүмдүктөрүнүн ташылып киришинин активдүү мезгили, ошондой эле бул продукцияда агрохимикаттардын жол берилген ченемдеринин ашып кетүү тобокелдигинин жогорулашы менен шартталган. Нитраттардын суткалык санынын 70-90%зы адамдын организмине жашылчалар менен кире тургандыгын эске алып, ыйгарым укуктуу орган тарабынан нитраттык жүктөм эң көп болгон жашылчалардын түрлөрүнө (картошка, бакча өсүмдүктөрү) өзгөчө контроль жүргүзүүдө.
Ыйгарым укуктуу орган фитосанитардык талаптарды сактабастан өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны ташып келүү товардын кармалышына, кайтарылышына же жок кылынышына алып келиши мүмкүн экендигин эскертет.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти тышкы экономикалык ишмердиктин бардык катышуучуларын белгиленген талаптарды сактоого, ошондой эле ташылып кирүүчү продукциянын коопсуздугун жана сапатын тастыктаган документтерди алдын ала тариздөөгө чакырат. Ачык жана негиздүү контроль жарандардын ден соолугун коргоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана ички рынокко келген продукциянын сапатын камсыз кылууга багытталган.
