Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондо Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды
2025-жылдын 4-сентябрында Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик сезон мезгилиндеги Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишинин жыйынтыктарына арналган кеңешме болуп өттү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы №199-р токтому менен Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби бекитилген. Документте коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоонун негизги чаралары, анын ичинде суу объектилериндеги тартипти сактоо боюнча талаптар белгиленген.
Бирдиктүү коопсуздук кызматынын курамына Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Транспорт жана байланыш министрлиги, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги кирет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кеңешмеге биринчи орун басар Б. Жусупбеков, министрликтин региондук башкармаларынын жана Ысык-Көл облусу боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жетекчилери катышты.
Министрликтин 2025-жылдын январь–июнь айларындагы ишинин жыйынтыктары:
- 579 протокол түзүлүп, жалпы 3 238 000 сомго бааланган. Анын ичинен 290 протокол аткарылып, 2 016 500 сом өндүрүлгөн;
- 193 доо арыз берилген, анын жалпы суммасы 8 378 000 сомду түзүп, алардын ичинен 112 доо арыз боюнча 2 400 000 сом өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде браконьерликке каршы рейддер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында мыйзамсыз коюлган 12 100 метр синтетикалык балык уулоо торлору алынып, механикалык жол менен жок кылынды.
2025-жылдын 5-сентябрында министрликтин инспекторлору Ысык-Көлдүн жээгинде кезектеги рейддик иш-чараларды улантышты. Профилактикалык жана эскертүүчү чаралардын алкагында 700 метрден ашык браконьердик торлор алынган.
