Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишканаларды колдоого багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты
Бүгүн, 16-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү» долбоору) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорун Финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 120 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо берүүгө багытталган Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу каржылоо рыногун өнүктүрүү» долбоору) ратификациялоо болуп саналат. Каражаттар туруктуу каржылоо рыногун өнүктүрүүгө, МЧОИ үчүн «жашыл» кепилдиктер рыногун түзүүгө жана МЧОИнин «жашыл» экспортун колдоого багытталат.
«Бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 120 миллион АКШ доллары өлчөмүндө, 12 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 6 жыл жеңилдетилген мезгил менен, жылдык 0% пайыздык чен менен жеңилдетилген кредиттик финансы каражаттар берилүүдө», – деди баяндамачы.
Андан тышкары, жыйында «2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «2025-2030-жылдарга көп тармактуу ишти колдоо фонду» программасын каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
