"Сантех-сервис Аламудун" муниципалдык ишканасында мыйзам бузуу аныкталды
2025-жылдын 18-июнунда жарандардын социалдык тармактагы видео кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү иш-чарасы жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Аламудун айыл аймагында жайгашкан Муниципалдык ишкана "Сантех-сервис Аламудун" муниципалдык ишканасы тарабынан экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы аныкталды, тактап айтканда жогорудагы ишкана тарабынан Аламудун районунда калктан чогулган саркынды суулар дренажга агып турган. Бул айлана чөйрөгө жер астындагы суулардын булгануусуна алып келет.
Бул мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 236¹-беренесине ылайык ишканага 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Азыркы учурда Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкексууканал» ишканасы түзүлгөн кырдаалды тезинен жоюу боюнча иштерди алып барууда.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча иштерин улантат.
