Москва районунда 6 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кыла турган суу сактагыч курулат
19 декабрь

Москва районунда 6 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кыла турган суу сактагыч курулат

Москва районунда 6 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кыла турган суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

Бүгүн аталган суу сактагычка мезгил капсуласын салуу аземи өттү. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, жалпы республика боюнча 106 суу сактагыч куруу планга коюлган.

Чүй областынын Москва районундагы Ак-Суу дарыясында 4,5 миллион куб суу сактагыч курулат. Ага каралган каражат 1,3 миллиард сомду түзөт. Бул 6 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылат.