Кыргызстан ЕБнын делегациясы менен экология тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
16 июнь

Кыргызстан ЕБнын делегациясы менен экология тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

11-13-июнда Европа Бирлигинин Кеңешинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия менен байланыштар боюнча жумушчу тобунун делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Ички иштер, Юстиция, Cанариптик өнүктүрүү, Энергетика, Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар туруктуу өнүгүү, сот адилеттиги, экология, климаттын өзгөрүшү, мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн принциптерин илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен тармагындагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго, ошондой эле санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуунун келечегине бурулду. Европа Бирлигинин долбоордук-программалык иш-чараларынын алкагында делегация тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.