Согонду айылында ичүүчү суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жатат
Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Согонду айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу тутумун жаңылоо максатында суу түтүктөрүн алмаштыруу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча активдүү иштер республикалык бюджеттин эсебинен, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу жүргүзүлүүдө.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, азыркы учурда башкы суу алуучу жай толугу менен тосулуп, трансформатордук подстанция орнотулуп бүттү. Ошондой эле хлорлоочу жайдын курулушу уланууда.
Мындан тышкары, суу топтоочу кампада да активдүү курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
Бул инфраструктуралык долбоор Суу ресурстары, айыл чарба, жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу” мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылууда.
