
Алтын-Казык конушунда бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган жаран аныкталды — айып 73 миң сом
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 28-январында Алтын Казык жаңы конушунун ылдый тарабында мыйзамсыз бак дарактарды кыйган жаран аныкталды.
Жыйынтыгында 86 даана ар кандай түрдөгү диаметр 9 сантиметрден 33 сантиметрге чейинки бактар С.Ч аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз кыйылган.ϴсумдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыянга 73 621,72 сом доо салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык балансын сактоо боюнча өз ишмердүүлүгүн улантууда.