Такыр-Төр көлүнүн жырылышы: Минкаб башчысы окуяга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды
28 июнь

Такыр-Төр көлүнүн жырылышы: Минкаб башчысы окуяга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасыАдылбек Касымалиев Чүй облусундагы Такыр-Төр көлүнүн жарылуусунан улам жабыркаган аймактан кабар алды.

27-июнь, саат 19:30га карата сел болушу мүмкүн болгон аймактан 950 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин маалыматына караганда, учурда кыйроолор жана материалдык чыгым каттала элек.

Жаратылыш кырсыгы катталган аймактын үстүнөн учак менен көрүү учурунда Адылбек Касымалиев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алууну, окуяга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды.