Экологиялык кылмыштардын алдын алуу максатында ыкчам тинтүү иш-чаралары өткөрүлдү
1 август

Экологиялык кылмыштардын алдын алуу максатында ыкчам тинтүү иш-чаралары өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы №131 жана №172 сандуу Жарлыктарын ишке ашыруу алкагында, экологиялык кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 30-июлунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Аталган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1- жана 2-пункттары боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл жана Түп райондорунун аймагында жалпысынан 8 дарек боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында төмөнкү мыйзамсыз сакталган далил заттар табылып, алынган:

* 1 даана гозо-травматикалык тапанча (МР-654 КА)
* 11 даана балык улоочу кайырмак
* 2 даана үйлөтмө кайык
* 1 даана кайык матору
* 1 даана 100 метрлик синтетикалык тор
* 1 даана тор илүүчү аспап (кошка)

Мындан сырткары, 2025-жылдын 30-июль күнү Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын Шайылдаев көчөсүндөгү №2 үйдүн тургуну, 1988-жылы туулган К.А. Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз 6 даана 100 метрлик синтетикалык тор салуу аркылуу 33 даана сига балыгын кармоо фактысы боюнча кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери улантылууда. Ошондой эле анын үйүнө жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда 2 даана кайыктын мотору табылып, далил зат катары алынган.

Жалпысынан 13 жаранга карата ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоо жана экологиялык кылмыштарга бөгөт коюу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тиешелүү жарандар мындай мыйзамсыз аракеттерди токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө милдеттендирилди.

Учурда Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери экологияны коргоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча иш-аракеттерди тынымсыз улантууда.