Балыкчы шаарында өлкө тарыхында биринчи жолу шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду
4 июнь

Балыкчы шаарында өлкө тарыхында биринчи жолу шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду

Өлкө тарыхында биринчи жолу шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду. Салтанаттуу иш-чарага энергетика тармагын көзөмөлдөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

«Бул күн чыныгы өзгөрүүлөрдүн символуна айланды. Кыргызстан шамал энергетикасын өнүктүрүүдө биринчи жолу сөздөн ишке өтүп жатат», – деп билдирди Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, шамал электр станциясын «Метрум ТЭК» компаниясы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Каракол эркин экономикалык аймагында курууда. Ал 2025-жылдын август айында кубаттуулугу 1 МВт болгон алгачкы шамал генератору ишке берилет. Жалпы 100 МВтка эсептелген шамал паркы эки фазада курулат:

  • биринчи фазада – 21 турбина, жалпысынан 50 МВт,
  • экинчи фазада – ар бири 2,5 МВт болгон дагы 20 турбина.

Шамал электр энергиясы толук ишке киргенден кийин, жылына 250 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Бул регионду туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого жана салттуу энергия булактарына болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Шамал электр энергиясы менен Ысык-Көл облусун гана камсыздабастан, CASA-1000 долбоорунун алкагында аны экспорттоого да шарт түзөт. Долбоордун ишке кириши жыл сайын атмосферага чыгарылчу 35 000 автоунаанын зыяндуу калдыктарына барабар булганууну алдын алат. Бул – көмүр кычкыл газын, смогду, кислоталуу жамгырларды жана дем алуу органдарынын ооруларын азайтуу дегенди билдирет.

Курулуш жана эксплуатациялоо этаптарында бул станция 50гө чейин жумуш ордун түзүп, жергиликтүү бюджетти камсыздайт жана социалдык инфраструктурага инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Бул кадам Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун энергетикалык көз карандылыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана заманбап, экологиялык технологияларга өлкөнүн эшигин ачуу багытындагы ырааттуу саясатынын аркасында ишке ашууда.

Ошондой эле бул ийгиликтин жетилишинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин, Энергетика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Жаңылануучу энергетика ассоциациясынын активдүү аракеттери чоң роль ойноду.