“Беш-Таш” өзөнүндө мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды
2025-жылдын 29 жана 31-июлунда Талас облусунун Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” өзөндөрүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан ыкчам рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Рейддердин жүрүшүндө эки мыйзамсыз балык уулоо фактысы катталды:
• 29-июлда Талас районунун Арашан айылынын жашоочусу О.у.Т. жана Нарын облусунун тургуну Б.А.Э. аттуу жарандар мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде эки протокол түзүлүп, жалпы 20 000 (жыйырма миң) сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомунун талаптарына ылайык, мыйзамсыз кармалган 1 даана Амударья форели үчүн 1 010 сом өлчөмүндө доо коюлду.
• 31-июлда Бишкек шаарынын тургуну К.Ф.А. аттуу жаран мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 1 протокол түзүлүп, 10 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле, мыйзамсыз кармалган 9 даана Амударья форели үчүн 9 090 сом доо коюлду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
