“Гринтег Ойл” ЖЧКсына айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 13-ноябрында “Гринтег Ойл” ЖЧКсына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана учурда иш жүргүзбөй тургандыгы аныкталып, ошондой эле ишкананын аймагында колдонулган майлар жер кыртышына төгүлгөндүгү боюнча факт катталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 237-беренесине ылайык, ишканага 65 000 (алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, айлана-чөйрөнү булгоого жол бербөөгө жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
