Жалал-Абад шаарында быйыл жазы жалбырактуу 3 миң көчөт отургузулат 
27 март

Жалал-Абад шаарында быйыл жазы жалбырактуу 3 миң көчөт отургузулат 

Жалал-Абаддын Көк-Арт кичирайонундагы Фабричный көчөсүндө "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматтык борборунан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылы шаар аймагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 миң түп жазы жалбырактуу (каштан, чынар, эмен) дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган.

Учурда анын 50%ы отургузулду.