Оштогу Курманжан-Датка көчөсүнө миң түп акация дарагы отургузулат
Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан-Датка көчөсүнүн А. Навои жана Т. Касымбеков көчөлөрү менен кесилишкен аймагына (автобекет) миңге жакын акация (робиния) көчөттөрүн отургузуу боюнча тапшырма берди.
Учурда аталган көчөнүн эки тарабында тротуарларды жана жашыл аймактарды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында тротуарлардын эски катмары алынып, жер тилкелери даярдалууда.
Белгилей кетсек, аталган көчө 2025-жылы толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ирригациялык лотоктор орнотулган. Жаңы долбоор жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
