Ысык-Көлдө кара түтүн чыгарган теплоходго 23 миң сом айып салынды
видеодон алынган кадр
14 июль

Ысык-Көлдө кара түтүн чыгарган теплоходго 23 миң сом айып салынды

Социалдык тармактарда 12-июлда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан «Дария» теплоходу тууралуу видеоматериал жарыяланган.

Байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жарыяланган видеоматериалды изилдөөнүн жыйынтыгында «Дария» теплоходун эксплуатациялоо учурунда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы боюнча белгиленген ченемдердин ашкандыгынын белгилери аныкталды.

Теплоходду мыйзам талаптарын бузуу менен пайдалангандыгы тастыкталгандыктан, күнөөлүү жакка карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Материалдарды кароонун жыйынтыгында 23 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, теплоходдун ээси (өкүлү) менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ушул тапта теплоходго жеринде болгон кароо иштеринде атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы боюнча белгиленген ченемдердин ашкандыгы аныкталган жок.