Кыргызстандын аймактарында медиасабаттуулук боюнча квиз-викториналар уюштурулуп жатат
30 апрель

Кыргызстандын аймактарында медиасабаттуулук боюнча квиз-викториналар уюштурулуп жатат

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинен 19-майына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Жамааттык ЖМКлар Ассоциациясы менен биргеликте “Текшердим” кампаниясынын алкагында квиз-викториналар сериясы уюштурулуп, Кыргызстандын бардык облустарындагы 30 калктуу конуштарда өткөрүлүүдө.

Викториналарды өткөрүүнүн максаты — катышуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, маалыматтын ишенимдүүлүгүн баалоо жөндөмдөрүн, медиа-контентти аң-сезимдүү пайдалануу көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле санариптик мейкиндикте жеке маалыматтарды коргоо боюнча билимдерди жана жөндөмдөрдү жогорулатуу болуп саналат.

Аталган иш-чарага жаштар, жергиликтүү тургундар, мектеп мугалимдери, айыл өкмөтүнүн жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Викториналар – квиз-таймаштар форматындагы окутулуп, бул – аймактар үчүн заманбап жана катышуучуларды өзүнө активдүү тарктан жаңы ыкма болуп, жакшы кабыл алынууда.

Бүгүнкү күндө квиз-викториналар өлкөнүн үч облусунун 11 калктуу конушунда ийгиликтүү өткөрүлдү. Алдыда дагы 17 калктуу конушту жана Бишкек шаарын камтуу мерчемделген.