Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын аймагына көп жылдык газон себилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын аймагына көп жылдык газон себилет

Социалдык тармактарда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган этношаарчадагы боз үйлөр жана убактылуу инфраструктура демонтаждалгандан кийинки аймактын көрүнүшү тартылган видеоматериалдар тарап жатат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги боз үйлөр жана башка убактылуу объектилер жайгашкан аянтчаларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери алдын ала каралганын маалымдайт.

Убактылуу инфраструктураны демонтаждоо иштери аяктагандан кийин боз үйлөр жайгашкан атайын даярдалган тегиз аянтчаларга жергиликтүү жаратылыш-климаттык шарттарга ылайыкталган сапаттуу көп жылдык газон чөбү себилет. Бул иштер аймакты жашылдандырууга, анын көрктүү абалын сактоого жана мындан ары талаптагыдай кармоого багытталган.

Тиешелүү иш-чаралар Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, бул демилгеге «Шамал» фестивалынын катышуучулары да кошулуп, аймакты жашылдандыруу иштерине өз салымдарын кошот.

Министрлик этношаарчанын аймагын көрктөндүрүү иштери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин каралган иш-чаралардын комплексинин бир бөлүгү экенин белгилейт.

Боз үйлөр жайгашкан аянтчаларга көп жылдык газон чөбү себилип, мындан ары аймакты талаптагыдай кармоо жана жашылдандыруу иштери улантылат.