Орусиялык журналисттер Кыргызстан тууралуу шоу тартты
Россиянын “Ключ” федералдык телеканалы популярдуу болгон “Чоң сюрприз” программасынын эпизодун Кыргызстанда тартты.
Башкы алып баруучу Бишкектин көчөлөрүндө кыргыз эпосунун легендарлуу каарманы Манастын образында пайда болот. Мындай күтүүсүз кадам шаардыктардын кызыгуусун жана жүзүндө жылмаюусун жаратат.
Чыгармачыкл топ өлкөнүн негизги кооз жерлерине: тарыхый Бурана мунарасына, кооз Чуңкурчак капчыгайына (ал жерде журналисттерге нукура кыргыз боз үйүндө түнөгөнү да сунуш кылынган), Эркиндик бульварына, Ала-Тоо аянтына, Ош базарына жана белгилүү "Файза" кафесине барууга үлгүргөн.
Кыргызстан тууралуу берүү жакында чыгары күтүлүүдө.
