Улуттук тарых музейи менен Хабаров чөлкөмүнүн Гродеков музейи кызматташат
24 ноябрь

Улуттук тарых музейи менен Хабаров чөлкөмүнүн Гродеков музейи кызматташат

КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова атайын музейлер ортосундагы кызматташууну жандандыруу максатында келген Гродеков музейинин башкы директору, Россия тарых коому бѳлүмүнүн кеңешинин тѳрагасы, тарых илимдеринин кандидаты Иван Крюков менен жемиштүү сүйлѳшүү ѳткѳрдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Жолугушууда Меморандум түзүү менен музей ишин жана тарыхый мурастарды популярдаштыруу багытында биргеликте илимий долбоорлорду иштеп чыгуу жана аткарууга алуу келишимине келишти.

Кѳргѳзмѳлѳрдү түзүү, жаш кадрларды тажрыйба алмашууга жиберүү, илимий-усулдук жардам кѳрсѳтүү, ж.б. актуалдуу тармактардагы практикалык сунуштарды ыкчам ишке ашырууга тараптар кызыкдаарлыгын билдиришти.

Соңунда музейлердин уникалдуу экспонаттарынын китептери белек катары берилип, расмий жолугушу ийгиликтүү аяктады.