Белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров дүйнө салды
17 декабрь

Белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров дүйнө салды

Кыргыз маданияты менен искусствосу оорду толгус жоготууга учурады.

Заманбап искусствонун жаркын өкүлү, белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров 2025-жылдын 16-декабрында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Маалыматты Маданият министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

​Ч.Айдаров 1984-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе (Азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

Бишкек шаарындагы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын “Живопись педагогу” адистигин аяктаган. Анын чыгармачылыгы ар тараптуу мүнөздө болуп, жаңы формаларды жана көркөм чечимдерди тынымсыз изденүү менен таап, эмгектеринде чагылдырып турган.

Айдаровдун чыгармачыл эмгектери бир канча сүрөт аянтчаларындагы көргөзмөлөрдө коюлуп, коомчулукта резонанс жаратып, көрөрмандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалар болуп сакталып калды.

2015-жылы Бишкек шаарындагы “TOPOGRAFICA, 2021-жылы Москва шаарында “Служба времени”, 2021-жылы Япониянын борбору Токио шаарындагы “Beuys On/Off:Felt, Fat, and Fictions”, 2022-жылы Франция мамлекетинин Париж шаарында Помпиду сүрөтчүлөрдүн борборунда “Double horizon” койгон көргөзмөлөрү Ч. Айдаровго зор ийгиликтерди алып келген. Ал “Набег” аттуу көркөм ыкманын автору.

Ч. Айдаров перформанс, живопись, графика жана видео менен талыкпай эмгектенип, бүгүнкү күндөгү коомдун саясий абалын сын көз карашта чагылдырган көркөм портреттерди жараткан. Өз чыгармаларында адамдын жеке чек арасын жана коомдогу, саясий чек аралар тууралуу терең ой жүгүртүүсүн өз эмгектеринде көрсөткөн.

Ч. Айдаров 2022-жылдын 12-сентябрында 38 жашында ишемиялык инсультка кабылган. Ошого карабастан, ал кийинки үч жыл бою чыгармачылык ишин улантып, “Заманбап искусство” тобунун лидери катары көркөм сүрөт өнөрүндө көргөзмөлөрдү уюштуруп, активдүү иштерди жүргүзгөн.

Аны кесиптештери “Кыргызстандын заманбап искусствосунун жаркын өкүлү” деп аташкан. Чынгыз кийинки учурларда Москвада жашап, Москвадагы “Гараж” заманбап искусство музейинин резиденти жана Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин POST TOTTALL долбоорунун катышуучусу болгон.

Кыргыз Республикасынын белгилүү сүрөтчүсү, Ч. Айдаров 41 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн катты.

Чынгыздын бул дүйнө менен кош айтуусу улуттук сүрөт өнөрү жана маданияты үчүн эле эмес Борбор Азиянын бүтүндөй маданият коомчулугу үчүн да орду толгус чоң жоготуу болду.

Ч. Айдаровдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият, искусство жана музыка сүйүүчүлөрүнүн, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына, бир туугандарына үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

М.К. Мамбеталиев, С.Н. Надырбеков, Т.М. Ажымалиев, М.Т. Тагаев, А. Ш. Мадаминов,, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, Т. Садыков, Т.С. Усубалиев, Ю. Шыгаев, А. Абдырахманов, А. Бейшенов, Т. Забидинов, У. Жапаров, М. Райымкулов ж.б.