Бишкекте Индия киносунун күндөрү өтүүдө
24 ноябрь

Бишкекте Индия киносунун күндөрү өтүүдө

2025-жылдын 21-ноябрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргызстандагы Индия кино күндөрүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талант Толобеков, ошондой эле Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Берендер Сингх Ядав мырза катышты.

Эскерте кетсек, “Индия киносунун күндөрү” 22–24-ноябрда үч күн бою “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Программага төмөнкү белгилүү индиялык фильмдер киргизилген:

• 22-ноябрь, саат 14:00 – “Уурдалбаган колукту” (Непохищенная невеста )тасмасы (кыргызча субтитрлер менен, башкы ролдо Шахрукх Хан).
• 23-ноябрь, саат 14:00 – “Инглиш Винглиш” тасмасы (орусча субтитрлер менен, башкы ролдо Шри Деви).
• 24-ноябрь, саат 14:00 – “Жашоо кызыксыз болушу мүмкүн эмес” (Жизнь не можетбыть скучной) тасмасы (орусча субтитрлер менен, башкы ролдо Ритик Рошан).

Индиялык фильмдер “Ала-Тоо” кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт жана бардык каалоочулар үчүн ачык.

Маалымат үчүн: бул иш-чара Индия Республикасынын Элчилиги, Индиянын Маалымат жана телерадиоберүү министрлиги, Индиянын Улуттук кино өнүктүрүү корпорациясы (NFDC), Кинематография департаменти жана “Ала-Тоо” кинотеатрынын тыгыз кызматташтыгынын алкагында уюштурулду. Мындай өнөктөштүк өлкөлөр ортосундагы маданий диалогду чыңдоого жана кино тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.