
Кытай-Кыргыз кызматташтыгынын алкагында маданий мурастарды коргоо боюнча биргелешкен лаборатория ачылды
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрель күндөрү Бишкекте Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында маанилүү иш-чара — маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз биргелешкен лабораториясынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бул демилге 2024-жылдын август айында Кытай Эл Республикасынын Дунхуань академиясы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясынын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун негизинде ишке ашырылды.
Ачылыш аземдин жүрүшүндө тараптар лабораториянын техникалык камсыздоосу боюнча атайын келишимге да кол коюшту. Кытай тарабы тарабынан лабораторияга 25 миллион сомдук атайын жабдуулар белек катары берилди.
Бул жабдуулар Кыргызстандагы тарыхый жана маданий мурастарды изилдөө, калыбына келтирүү жана коргоо иштерин жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.
Биргелешкен лаборатория Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый байланыштарын тереңдетүүгө, маданий мурастарды сактоо боюнча илимий жана практикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.