www
28 май
Бишкек мэриясы кичинекей шаар тургундарын Балдарды коргоо күнүн бирге майрамдоого чакырат
Жыл сайын 1-июнда дүйнө жүзүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, борбор калаанын конокторун жана кичинекей бишкектиктерди майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.
Саат 10:00дөн тарта Ала-Тоо аянтындагы фонтан аянтчасында көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат: фотозоналар, кызыктуу сынактар, мастер-класстар, спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук тамак-аштар сунушталган фудкорттор иштейт.
Ошондой эле VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын алкагында саат 17:00дөн тарта Ала-Тоо аянтында чет өлкөлүк катышуучулардын өнөрлөрү көрсөтүлүп, Балдар чыгармачылык борборлорунун концерттери өтөт. Кечинде майрамдык дискотека жана достук кечеси уюштурулат.
