Кыргызстанда музыкалык чыгарманын автору сый акынын 40%ын ала алат
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 октябрь

Кыргызстанда музыкалык чыгарманын автору сый акынын 40%ын ала алат

Кыргызстанда музыкалык чыгармалар үчүн автордук сый акы чыгарманын жаратуучуларынын ортосунда белгиленген үлүшкө жараша бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин автордук сый акыны каттоо жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Жекшенбекова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ички регламентке ылайык, музыканын авторуна сый акынын 40%ы, тексттин авторуна 40%ы, ал эми аткаруучуга 20%ы берилет.

Жекшенбекова белгилегендей, айрым учурларда аткаруучу өзүн бир эле учурда музыканын жана тексттин автору катары көрсөтүп коёт. Эгерде чыныгы авторлор чыгарманы өз убагында каттоодон өткөрбөсө, бул талаш-тартышка себеп болушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу авторлорго жана композиторлорго чыгармаларын жараткандан кийин дароо каттоодон өткөрүү сунушталат.