Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь
Болот Тентимишовго жана дагы төрт маданият ишмерине «Эл артисти» наамы ыйгарылды
Беш маданият ишмерине «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамы ыйгарылды.
Наамга төмөнкүлөр татыды:
– Ош улуттук драма театрынын режиссёру жана көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев;
– Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру Боромбай Кулахматов;
– Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисти Темирлан Сманбеков;
– театр жана кино актёру, Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси Болот Тентимишов;
– Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын актрисасы Самидахан Халматова.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
