Бишкекте ИИМ Академиясынын курсанттары Ала-тоо аянтында «Манас» эпосун аткарышты
Бишкекте Ала-Тоо аянтында 26-сентябрда президенттин «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана жайылтуу, ошондой эле «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча Жарлыктарын ишке ашыруу максатында өзгөчө иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Э.А. Алиев атындагы Академиясынын курсанттары салтанаттуу жүрүш менен чыгып, «Манас» айтып, ураан чакырышты.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз улуттук “Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков, ошондой эле ИИМдин Академиясынын өздүк курамы жана шаар тургундары катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимнинин аткарылышы менен ачылып, келген меймандар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Андан соң курсанттар жана студенттер белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков баштаган калыстардын алдында «Манас» айтуу сынагын өткөрүштү. Ар бир курс өз өнөрүн көрсөтүп, ураандарды жаңыртышты. Сынактын жыйынтыгында мыктыларга сыйлыктар тапшырылды.
Маданий бөлүгүндө төкмө акындардын ырлары жана концерттик программа тартууланды.
Иш-чаранын соңунда эстафета Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант К.Ү. Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна өткөрүлүп берилди.
Бул күнү Ала-Тоо аянтында Манастын улуу сөзү жаңырып, борбор калаанын тургундары улуттук баалуулуктарды даңазалаган көркөм иш-чарага күбө болушту.
