Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь
Рыспай Абдыкадыровго «Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылды
Белгилүү кыргызстандык ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыровго көзү өткөндөн кийин «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ушундай эле жогорку сыйлыкка дагы төрт адам татыды:
– композитор, Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Муратбек Бегалиев;
– кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектур Исаков;
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов;
– КММАнын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы Дүйше Кудаяров.
Сыйлыктар Кыргызстандынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
