Азия маданият борборунун өкүлү М. В. Фрунзенин музейине барды
17 декабрь

Азия маданият борборунун өкүлү М. В. Фрунзенин музейине барды

2025-жылдын 15-декабрында М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейине Азия маданият борборунун аткаруучу директору Ким Санг Ук иш сапары менен келди.

Меймандарды музейдин директору Алмакучуков К. М. тосуп алып, музейдин тарыхы жана учурдагы долбоорлору менен тааныштырды. 2025-жылы музей түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, ал Кыргызстандагы биринчи музей болуп эсептелет.

Экскурсиянын жүрүшүндө делегация музейдин көргөзмө залдарын көрүп, М. В. Фрунзеге Бухара ревкому тарабынан тапшырылган уникалдуу канжар жана шашкага өзгөчө кызыгуу билдирди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдан бери Азия маданият борборунун колдоосу менен музейде санарип лабораториясы иштеп, 2200дөн ашуун экспонат санариптештирилип, коомчулукка жеткиликтүү болгон. Ошондой эле делегация музейдин жер астындагы жаңы мейкиндиги менен таанышып, ал келечекте иммерсивдүү көргөзмөлөр үчүн пайдаланылары маалымдалды.

Бул сапар эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.