11-декабрында «Тоонун сакчылары: NABU жана Кыргызстандын ак илбирсин коргоо» аттуу көргөзмө ачылат
2025-жылдын 11-декабрында М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде Эл аралык Тоо күнүнө арналган «Тоонун сакчылары: NABU жана Кыргызстандын ак илбирсин коргоо» аттуу көргөзмө ачылат.
Көргөзмө Германиянын «Табиятты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюму менен өнөктөштүктө уюштурулуп, уюмдун көп жылдык ишмердүүлүгүнө жана өлкөнүн табигый мурастарын коргоого кошкон салымына арналган.
Экспозиция Кыргызстан тоолорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн, ак илбирстин экологиялык туруктуулуктун символу катары маанисин жана NABU тарабынан жүргүзүлүп жаткан сейрек түрлөрдү жана тоо экосистемаларын коргоо программаларынын натыйжаларын көрсөтөт.
Көргөзмөдө жапайы жаратылыштын уникалдуу сүрөттөрү, фото капкандардагы видеоматериалдар, куткарылган жаныбарлардын окуялары, илбирстин миграция картасы, аңсакчылардын талаа жабдуулары жана мультимедиялык инсталляциялар сунушталат.
