Толгонай Токомбаева “Бурана” мунарасынын музей комлексинин директору болуп дайындалды
Толгонай Токомбаева
12 ноябрь

Толгонай Токомбаева “Бурана” мунарасынын музей комлексинин директору болуп дайындалды

Толгонай Токомбаева 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып Республикалык археолого-архитектуралык "Бурана" мунарасынын музей комплексинин директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Тиешелүү буйрукка министр Мирбек Мамбеталиев кол койгон.

Жаңы жетекчини маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жалпы эмгек жамаатка тааныштырды.

Белгилей кетсек, комплекстин буга чейинки башчысы Анита Шаменова өз калоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Толгонай Токомбаева 1974-жылдын 20-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Жогорку билимди 2004-жылы Бишкек гуманитардык университетинде менеджмент адистиги боюнча алган.

Өзүнүн кесиптик жолун 1998-жылы «Бурана» мунарасынын музейинде илимий кызматкер болуп баштаган.

Ал 2017-жылдан тартып ЮНЕСКО, USAID жана JICA сыяктуу эл аралык долбоорлордо активдүү катышкан, анын ичинде «Коридоры наследия Шелкового пути», «Защита башни Бурана от антропогенных и сейсмических угроз», «Говорящая керамика», «Аудиогид музея» долбоорлору бар.

Толгонай Токомбаева ошондой эле 2021-2024-жылдары Бурана айыл өкмөтүнүн депутаты болуп иштеген.